Жогорку Cот журналист Нарын Айыпка салынган айып пулду бөлүп төлөө өтүнүчүн кайрадан карап чыгуу чечимин кабыл алып, ишти артка кайтарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын Айып өзү билдирди.
Айыпталуучунун айтымында, ага карата доо арыз негизсиз берилген. "2017-жылдын башында акыйкатчы сөз эркиндигине байланыштуу тегерек стол өткөргөн. Анда адвокат Чолпон Жакупова "журналисттерди сотко берген иштер көбөйүп кетти. Бул кишини токтото турган бирөө барбы?" деп айткан. Бирок анын сөзүндө эч кимдин аты аталган эмес. Анын бул пикири "Заноза" сайтына чыгарылган. Ошол маалымат себеп болуп, Чолпон Жакупованын, сайттын негиздөөчүлөрү деп мени менен Дина Маслованын үстүнөн доо арыз берилди.
Бул жерде биз жөн гана Жакупованын сөзүн өзгөртүүсүз чагылдырганбыз. Бизди сотко берүү туура эмес болгон. Кийин сот үчөөбүзгө жана сайтка кошо 3 миллион сомдон айып салды. Райондук жана шаардык соттор акчаны бөлүп төлөөгө уруксат бербей коюшкан. Жогорку Сот бөлүп төлөө маселесин кайра кароо керек деген жыйынтык чыгарды. Эми кайсы сот карап, кандай болуп чечилет мен да билбей турам", - деди Нарын Айып.
Буга чейин Жогорку Сот 23-апрелде ушул эле иш боюнча Дина Маслованын жана 19-апрелде Чолпон Жакупованын иштерин артка кайтарган.
Айта кетсек, 2017-жылы Башкы прокуратура экс-депутат Чолпон Жакупованын сөз эркиндиги боюнча жыйында сүйлөгөн сөзү үчүн жана "Заноза" сайтында жазылган материал боюнча ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деп сотко кайрылган. Башкы прокуратура "Занозанын" башкы редактору Дина Маслова, сайттын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып, Чолпон Жакупова жана "Заноза" сайтына 3 миллион сомдон доо койгон. Жалпы доонун баасы 12 миллион сом болгон. Октябрь райондук жана шаардык соттор доо арызды канааттандырышкан, ал эми бул миллиондогон сомдук компенсацияны бөлүп төлөө боюнча өтүнүчтөрдү четке кагышкан.