Британиялык "The Daily Mail" басылмасы Кыргыз өлкөсүн туристтер үчүн кызыктуу өлкөлөрдүн катарына киргизди

Британиялык "The Daily Mail" басылмасы Кыргыз өлкөсүн туристтер үчүн кызыктуу өлкөлөрдүн катарына киргизди. Бул тууралуу басылманын расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, басылма британиялыктар эс алуу үчүн көп барган жана көпчүлүккө белгилүү болгон өлкөлөрдөн баш тартып, алардын ордуна башка өлкөлөргө барып эс алып келүүсүн сунуштаган.

Жарыяланган мамлекеттердин арасында Кыргыз өлкөсү, Өзбекстан жана Монголия дагы бар. Басылма Кыргыз өлкөсүн чакан тоолуу өлкө деп сүрөттөп мурда-кийин туристтер бара элек көптөгөн ажайып кооз жерлер бар экенин жана бул сүрөтчүлөр үчүн эң мыкты мүмкүнчүлүк деп жазган.

Ал эми Монголияны калкынын саны аз, көптөгөн сыйынуучу жайлары бар сыйкырдуу өлкө экенин маалымдашкан. Өзбекстан болсо туристтерди өзүнүн тарыхый жайлары менен тарта тургандыгын басылма белгилеп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mydearzh
2018-05-03 13:52:46
Жакшы жанылык!)
0
Azatbek.Svoboda.
2018-05-03 14:05:26
Жакшы жаңылык. Анан эле бийликтегилер угушуп калып сүйүнүп давайте туристтерден келгени үчүн көбүрөөк налог алайлык деп кара курсактарын ойлошот!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан