Ошто футзал боюнча Өлкө чемпиону аталган "EREM" командасын салтанаттуу тосуп алышты

Ош шаарында футзал боюнча Өлкө чемпиону аталган "EREM" командасын салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-май күнү Ош эл аралык аэропортунда футзал боюнча Өлкө чемпиону аталган "EREM" командасын салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү. Аталган иш-чарага шаардын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси Кылычбек Саркарбаев, машыктыруучулар, спортчулар жана команданын күйөрмандары катышкан.

"Жеңишиңер кут болсун! Биз сиздер менен сыймыктанабыз! Командага көптөгөн ийгиликтерди каалайбыз!" - деп билдирген Турдуев.

Айта кетсек, Бишкек шаарында футзал боюнча Өлкө чемпиондугунун финалдык беттешинде Оштун "EREM" командасы Бишкектин "Алга" командасын жеңип алып, Өлкө чемпиону аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ilgizk
2018-05-03 14:57:28
ЕРем алга
+1
bahabaike
2018-05-03 19:27:31
Райим Матраимовту кыскартканда Р М болот б.а эР эМ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан