Кыргыз-өзбек чек арасында болгон окуя тууралуу Өзбекстан маалымат берди

Өзбекстандын чек араны коргоо кызматы Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында болгон окуя тууралуу өздөрүнүн маалыматын айтып чыгышты. Жергиликтүү маалымат каражаттарында жазылгандай, 19-июнда саат 23:50дө Фергана районунун Гүлпиян айылында “Охунхожи” мүрзөсүнүн жанында өзбек чек арачылары чек араны бузган 3 унааны көрүшкөн. Алар унааны токтотууга аракет кылып, абага ок чыгарышканына карабай чек араны бузгандар унаасын айдап кете беришкен. Аларды токтотуунун аракетин көрүп, чек арачылар унааларды атышкан. Жыйынтыгында Фольксваген үлгүсүндөгү унаа токтогон. Калган 2 унаа Кыргызстан тарапка бет алып, из жашырып кетишкен. Ошол эле убакта Кыргызстандын чек арасынан 30га чукул киши чогулуп, Өзбекстандын чек арачыларын таш менен ургулашып, өзбек чек арачысы оор жаракат алган. Ал эми Фольксваген унаасынын айдоочусу самын, айна жүктөлгөн унаасын калтырып, Кыргызстанга качып кеткен. Маалыматка ылайык, алган жаракаттарынан улам ал жаран Кыргызстандын аймагында каза болгон.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
PROS
2013-06-21 10:59:31
Жаш баланы алдагандай эле алдап жатканын, кылмышын жашырыш учун атышкан, эми маалымат бергенин карап кой!
+1
Lion-x
2013-06-21 11:01:07
Ой, дагы эмне деп лапшаны илип атасынар, ошол чек арачыларды откоруп бергиле бизге!!!
+1
aibi8984
2013-06-21 12:41:43
мына болунуп жарылуунун кесепети,тундук туштук боло берсе бардык элдер тепсеп ойнойт али!
0
alman0808
2013-06-21 13:53:03
Ынтымак жок болсо ушуда. Мамлекетибиздин кебетесин билесинер! Аларга ишенип отура бербей, карапайым калк озуно тын болуш керек! Жанакы элди дурботкондор кайда? Эмнеге керектуу жерде чыгышпайт? Андай эле Кыргызстандын келечеги учун куйот экен. Чыккыла чек араны такта деп, афганистандагы кыргыздарды алып келели деп. Ииий эмнесин айтайын. Айта берсе арман коп.
0
mayoral
2013-06-21 14:18:03
Качып кетсе аны созсуз олтуруш керек беле? Ушундай кыйын экен ок чыгарбай эле колго тушуруп мыйзамдуу турдо жоопко тартыш керек болчу. Эми актанганынар айдан ачык эле билинип турат!
0
KAREGLAZAYA_VOLCHICA
2013-06-21 14:28:21
Болунгонду бору жейт деген ушул да. Биз кыргыздар тундук туштук болуп болунуп оз ара отношения выяснять эткенче ботон эл ушинтип тебелепкетет да. Бир колдун манжаларындай болуп бир муштумга туйулсок кыргызды ким тебелейт эле?
0
tynara81
2013-06-21 14:33:29
30 чакты Кыргызстандык жараан чогулуп, таш баранга алды деп, кайра биздикилерди куноолуу кылып коюптур го, уруусу кучтуу болсо ээсин доого жыгат болуп. Кыймылдагылачыыы бийликтегилер, элинди кордотпой..
0
koshuna
2013-06-21 14:58:55
Биздин бийлик куноо бизде экен деп, кечирим сурабаса болду эми.
0
chali
2013-06-21 17:50:59
Эскиден калган өз көмөчүнө күл тартуу, жаап - жашыруу эч кимге жакшылык алып келбейт. Бүгүн сактаганын менен эртең экспертизалык изилдөөдө билинет да,ок кайсы жерден атылган, таш кайсы жерден ыргытылганы? Кимдин ким экени ошондо билинет...
0
temirlan85
2013-06-21 17:55:00
Кыргыз эли корпойт и буга чейин корккон эмес озбектерден тарых мисал. Бийлик гана коркуп жатат байкуш биздин ишенген тоолор
+1
omurbek9393
2013-06-21 19:06:50
бийликтегилер бир чара колдонгулачыыыы дагы канча кордолобу3 ? )))
0
moskva88
2013-06-22 02:29:08
Менин кыргызстанга баргым келбей калды
.биздин мамлакет оз жарандарын коргой албайт
0
belosnejka1
2013-06-22 06:30:31
Dadamyz jomok aytip dagy uktatyp koidu da
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан