Түштүк Кореяда пол жуугуч болуп иштеген адам Инчхон эл аралык аэропортундагы таштанды салган урнадан ири көлөмдөгү алтын таап алды. Бул тууралуу корей басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, баасы болжол менен 327 миң долларды түзгөн алтындын ээси азырынча табыла элек. Эгер ал 6 айдын ичинде табылып, полицияга өз кабарын билдирбесе, анда алтын таап алган адамдын карамагына өтөт. Ал эми ээси табылган күндө деле, табылган баалуу таштын суммасынын 20 пайызы пол жуугучка ыйгарылат.
Эгер ири көлөмдөгү алтындын кандайдыр бир кылмыштуу окуяга тиешелүү экендиги аныкталса, эки тарапка тең берилбейт.