Армениянын премьер-министр кызматына оппозиционер Пашиняндын талапкерлиги кайрадан көрсөтүлдү

Арменияда премьер-министрликке оппозиция лидери Никол Пашинян кайрадан талапкер катары көрсөтүлдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Өкмөт башчыны шайлоо күнү 8-майга белгиленген.

Маалыматка караганда, Пашинян парламент депутаттары тарабынан расмий түрдө көрсөтүлгөн. "Парламенттеги депутаттардын үчтөн бир бөлүгүнөн ашыгы премьер-министрликке Никол Пашиняндын талапкерлигин колдоду. Бийликтеги "Республика" фракциясы өз талапкерин чыгаруудан баш тартканын айтты", - деп жазышат басылмалар.

Белгилей кетсек, апрель айынын ортолорунан тартып Арменияда массалык толкундоолор башталган. Толкуган элдин талабы 10 жыл президент болгон Серж Саргсянды жана анын "Республика" партиясын бийликтен кетирүү эле. 2-президенттик мөөнөтү аяктаган Саргсян премьерликке шайланып, бир нече күндөн кийин отставкага кетти.

Буга байланыштуу 1-майда парламентте премьер-министрликке шайлоо болуп, оппозициядан талапкер болгон Пашинян жетиштүү добуш жыйнай алган жок. Өкмөт башчыны парламент депутаттарынын жарымынан көбү шайлашы керек (кеминде 105 депутаттын 53ү). Экинчи жолку шайлоо 8-майга коюлду. Армения мыйзамына ылайык, эгер бул ирет да премьер шайланбаса парламент тарап, кезексиз депутаттык шайлоо болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azatbek.Svoboda.
2018-05-04 13:29:15
Акыры өзү болот окшойт.Тажашты окшойт чоңдору. Бул элди кайра кайра дүрбөлөңгө сала берет окшойт ушуну эле шайлап кутулайлык дешип!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан