Твиттер корпорациясы колдонуучуларынын баарын жеке баракчаларындагы сыр сөздөрүн алмаштырууга чакырды. Бул тууралуу аталган компаниянын расмий баракчасы жарыялады.
"Биз ар бир колдонуучунун сыр сөзүн эч ким, жадакалса компаниянын кызматкерлери көрө албагандай кылып жашырып койчубуз. Жакында эле айрым сыр сөздөр жашыруун эмес, журналда жазылганын көрүп калдык. Мындан улам катачылыкты калыбына келтирген соң, ар бир колдонуучудан сыр сөздөрүн кайрадан алмаштырууну суранабыз", - деп жазылган.
Белгилей кетсек, өткөн жылы аталган социалдык тармакка катталган колдонуучулардын саны 330 миллиондон ашкан.