Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган президенттикке талапкер катары көрсөтүлдү. Мындай чечимди парламенттеги башкаруучу "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясы кабыл алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Эрдогандын талапкерлигин 316 депутат, тагыраагы партиянын бардык мүчөсү колдогон. Түркиянын лидери буга чейин кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоо өткөрүү зарылдыгын айтып, ал мамлекеттик маанилүү иш-чара ушул жылдын 24-июнуна коюлган. Өлкөдө президенттик жана премьерлик шайлоо 2019-жылдын ноябрында өтмөк.
Режеп Тайып Эрдоган 2003-2014-жылдары Түркиянын премьер-министри, 2014-жылдан ушул кезге чейин президенти катары иштеп келүүдө.
Түркияда 2017-жылы референдум өтүп, элдин көбү президенттик башкарууну колдоду деп табылган. Конституциялык өзгөртүүлөр шайлоодон кийин күчүнө кирет. Жаңы Баш мыйзамга ылайык, президенттин ыйгарым укуктары кеңеймекчи.