Дүйнөнүн эң бай адамы Жефф Безос акчасын эмнеге коротууну билбей жатат

Дүйнөнүн эң бай адамы, "Amazon" интернет дүкөнүнүн негиздөөчүсү жана жетекчиси Жефф Безостун пикиринде, ал үчүн акчасын коротууга караганда акча тапкан оңой. Бул тууралуу чет элдик басылмалар миллиардердин иш-чаралардын биринде сүйлөгөн сөзүнө таянып жазып чыгышты.

Безос учурда 131 миллиард долларга ээлик кылып, дүйнөнүн эң бай адамы деп табылган.

Маалыматка ылайык, Безос жылына 1 миллиард доллардай акчасын "Blue Origin" аталышындагы космостук туризм долбооруна коротот. "Мен үчүн кошумча тамак сатып алууга караганда, космоско чыгуучу кемелерге акча короткон кызыктуу. "Blue Origin" долбоору адамзат цивилизациясы үчүн өтө маанилүү. Мен бул багытка акча коротуудан тажабайм. Андан сырткары жубайым, 4 балам менен саякаттоо үчүн көп каражат жумшайм", - дейт миллиардер.

Безостун 131 миллиард доллар акчасынын 125 миллиард доллары "Amazon" компаниясынын акциясы катары сакталат.



Дүйнөнүн эң бай адамы акчасын эмнеге коротууну билбей жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
titanik32
2018-05-04 10:11:05
Биздин чоң сөрөйлөр Кытайга жабышбай,ушул кишини таап мамиле кылышса болгудай.Супер инфо ушул Жефф Безос аканин адресин номерин алып бере аласыңарбы сураныч.Мен Кыргызстанды таанытып ушул киши менен мамиле түзнүм келет.Кыргызстандын чет өлкөгө болгон карызыбызды, анын ичинен Кытайдан алган коркунучтуү карызды кутулуунун жолун издейт элек.Мени ойлондурган акыркы жылдары АША алган Кытайдан алган карыздар.
+19
Matahara1980
2018-05-04 13:24:48
titanik32,ошол кытайлар жер алабыз деп чыгышпаса болду карызына
+3
Syimyk.isaev
2018-05-04 10:48:29
Садака бериши керекго... Канчалаган адамдар кыйналып 1 нан таппай жатышат. Бул кетишинде аркы дуйнонун эн кедей адамы болот.
+5
aksy94
2018-05-04 10:54:25
Мага 8мин доллар берсинчи карызымды кутулуп алайн))))
+4
zhykyo
2018-05-04 11:19:46
Менин ушунча акчам болгондо Кыргызстанга жумшамакмын Кыргызстан ушундай онугот эле
+3
mirbek_kgz.1990
2018-05-04 11:23:11
500000 мин берип турса октябрды кутпой срочно уйлонуп алат элем
-1
nelli
2018-05-04 11:33:09
Биздин депутаттарга байланышса тез эле туготушуп берет)))
+2
Paprikafm
2018-05-04 11:59:22
Коменттер укмушго, ар бирибиздин колубуздан келет акча табыш,миллиард болбосо да миллион, мисалы эн соонун, дыйканчылык, топоз,бука багуу мээнет кылуу, биз да эл катары москвада иштечубуз айлыка, жолдошум Россияда кеткен убакытты кыргызстанда жумшайлы деп, кичине картошка эктик, 1 бука 1 топаз, барып барып азыр кудайга шугур. Мактангандай болдумбу, мисал катары айттым да
+6
Meni_unut
2018-05-04 12:16:49
Кыргызстандын карызын толоп кой братан.Кайда коротушту билбей жатсан.Кыргызстандын карызыга эле ойлоно берем.Бут Кыргыз эли сени урматтап журот элек.
+5
Defans2017
2018-05-04 12:49:09
Менин Бир тааныш кызым бар,ошого тааныштырып койуш керек экен,тез эле банкрот кылат
+10
Nevestkaa
2018-05-04 12:52:08
Defans2017,Гүлзат Мамытбек
+11
jaskaaa
2018-05-04 15:15:19
Nevestkaa, точна
+3
Nevestkaa
2018-05-04 12:55:14
Мынча акчаны каякта сактайт бул.
+2
ZANIA-92
2018-05-04 15:28:46
Бизге кичинеле берип турчу,балдарыбыздын жанына эртерек баралы,темселеп россиялабай.
+2
Malik92
2018-05-04 15:49:52
Админ,сураныч ошол кишинин дарегин биздин 120"Жепжутаттарыбыза"-таап бергилечи.120кундун ичинде чонтогун тазалап коюшат.
+2
karakulja
2018-05-04 17:54:47
Кычкач алсын 600 долларга
Кочот алсын 150 долларга
Камера алсын 300 долларга кунуго просто приколго
+4
King_Messi
2018-05-04 20:15:50
Орттоп салсын
0
shahlet
2018-05-05 06:49:09
Жеп жутарларга анча акча дагы аздык кылса керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан