Канаданын жараны Кыргызстандан 0,5 килограмм алтынды алып чыгып кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-июнда сат 8:50дө Бишкек-Үрүмчү багытында учакка каттоодон өтүп жаткандагы текшерүү учурунда Канаданын жараны N.Gнын жанынан 0,5 килограмм уютулган алтын табылган. Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.