Кытай менен насыялык келишимди Энергетика министрлиги жүргүзгөн эмес. Мындай пикирин SUPER.KG порталына мурдагы энергетика министри, Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Осмонбек Артыкбаев билдирди.
Анын айтымында, ошол кездеги Энергетика министрлиги макулдашуу иштерин эмес, уюштуруу иштерин гана аткарган.
"Кытай мамлекеттик банкы менен насыялык келишимди Кыргыз өкмөтүнүн атынан Каржы министрлиги даярдаган. Келишим бардык министрликтердин макулдугунун негизинде өкмөттүн буйругу менен мыйзам катары парламентте кабыл алынып, ал мыйзамга президент кол койгон.
2013-жылдын 11-сентябрында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде Кыргыз мамлекетинин атынан каржы министри жана Кытайдын "Эксимбанкынын" жетекчилери бул келишимге кол коюшкан. Бул насыяны Кыргыз мамлекети алган, ошондуктан бул насыялык келишимге жооптуу - Каржы министрлиги. ТВЕА менен контракттык келишим боюнча ишти "Электр станциялары" ишканасы жүргүзгөн жана ага кол койгон.
Ошол кездеги Энергетика министрлиги координациялык милдетти гана аткарган. Мисалы, өкмөт, Жогорку Кеңеш жана башка тийиштүү органдарды бири-бири менен байланыштырып, уюштуруу иштерин жүргүзгөн. Насыялык келишимге дагы, контракттык келишимге дагы Энергетика министрлиги кол койгон эмес.
Ал эми коомдук уюм айтып жаткан негиздеме-маалым катты макулдук берүү катары бир гана Энергетика министрлиги эмес, бардык министрликтер жазат. Экспертиза жүргүзүү боюнча да "Электр станциялары" ишканасы жооптуу, техникалык жагына Энергетика министрлиги жооп бербейт", - деди Артыкбаев.
Айта кетсек, "Прецедент" коомдук уюмунун мүчөсү, укук коргоочу Нурбек Токтакунов "Кытай банкы менен насыялык келишим долбоорун ошол учурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев даярдаган, ошондуктан ал ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык боюнча жооп бериши керек" деген пикирин билдирип, прокуратурага арыз жазганын билдирген болчу.