Кыргызстанда күчү 4,1 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 21-июнда эртең мененки саат 05:05 чамасында Кыргызстандын аймагында  күчү 4,1 баллга жеткен жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдиргендей, жер титирөөнүн очогу Бишкек шаарынан түштүк-батышты көздөй 221 чакырым, Жалал-Абад облусунан чыгышты көздөй 47 чакырым жана Өзгөн шаарынан түндүк-чыгышты көздөй 35 чакырым алыстыктан орун алган. Белгилүү болгондой, кырсыктан жабыр тарткандар жана кыйраган турак жайлар катталган жок. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан