Финляндия дүйнөдөгү абасы эң таза өлкө деп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, абаны изилдөө уюму жүздөгөн өлкөлөрдө сегиз жыл изилдөө жүргүзүшкөн, анын жыйынтыгы менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери дүйнөдөгү абасы эң таза өлкө деп Финляндияны табышкан.
Мындан сырткары Швеция, Норвегия, Эстония, Исландия өлкөлөрү да абасы таза өлкөлөрдүн тизмесин толуктаган. Ал эми Катар, Уганда, Камерун жана Монголияда абанын тазалыгы эң төмөн деңгээлде экени аныкталган.