Бүгүн, 6-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 9-Май - Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеш старт алат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Көк бөрү федерациясынан билдиришти.
Аталган мелдеште 4 команда Жогорку Лигада жана 6 команда Биринчи Лигада беттешмекчи. Жогорку Лигага өлкөнүн мыкты командалары кирди, алар "Достук", "Ынтымак", "Четинди" жана "Биримдик" командалары. Бул командалар беттешти жарым финалдык баскычтан баштап, алгачкы жеңиши менен эле финалга өтмөкчү.
Ал эми Биринчи Лигада "Сары-Өзөн", "Көк-Жал", "Аафият", "Толкун", "Жаш-Күч" жана "Жаш-Тилек" командалары "А" жана "Б" тайпаларына бөлүнүп, айлампа түрүндө өз ара беттешмекчи.
Биринчи Лиганын тизмеси:
"А" тайпасы:
"Сары-Өзөн"
"Көк-Жал"
"Жаш-Күч"
"Б" тайпасы:
"Аафият"
"Жаш-Тилек"
"Толкун"
6-майда боло турган беттештер:
10:00 "Көк-Жал" - "Сары-Өзөн"
11:30 "Жаш-Тилек" - "Толкун"
13:00 "Достук" - "Четинди"
14:30 "Ынтымак" - "Биримдик"