Москванын "Локомотив" клубу Орусиянын футбол боюнча биринчилигин жеңип алды. Орусия биринчилигинин 29-турунда Юрий Сёминдин командасы өз талаасында "Зенитти" кабыл алды. Беттештин 87-мүнөтүндө Эдер Масед айырмаланып, командасына 1:0 эсебинде жеңиш алып келди.
30 турга созулган Орусия чемпиондугунун 29 турунда "Локомотив" 60 упай топтоп, 1-орунду ээледи. 56 упай топтогон "Спартак" 2-орунда жайгашса, 3-орунда 53 упай менен "Краснодар" командасы жайгашууда. "Локомотив" чемпиондуктун бүтөрүнө 1 тур калганда 2-орундан 4 упай ашып, жеңишти багындырды.
"Локомотив" футболдук клубу акыркы жолу Өлкө чемпиондугун 14 жыл мурун багынткан. Муну менен клуб өз тарыхында 3-жолу Өлкө чемпиондугун жеңди. Буга чейин "Локомотив" командасы 2002 жана 2004-жылдары дагы Юрий Сёминдин башкаруусунда чемпион аталган.