АКШда аялдын ичинен 60 килограммдык шишик алынды

АКШнын Коннектикут штатында дарыгерлер бейтаптын жатынынан 60 килограмм салмактагы шишикти алганын чет элдик маалымат булактары жазууда. Ишенүүгө кыйын болгон мындай көлөмдөгү шишик аялдын ичинде акыркы эки ай ичинде өтө тездик менен чоңоюп кеткен.

Мындай илдетке кабылган 38 жаштагы аялдын шишиги залалсыз жана башка органдарга өтүү коркунучу жок болгондуктан аны дарыгерлер ала алышкан. Бирок аялдын ички органдары көлөмдүү шишиктен улам жарылып кеткен.

Бейтаптын операцияга чейинки абалы

Аялды дарылаган дарыгерлердин айтымында, бейтап акыркы 2 ай ичинде жума сайын 4-5 килограммдан салмак кошо баштаган. Текшерүүлөрдөн өткөндөн кийин ал энелик безинин бири өтө чоңоюп кеткенин билген. Бейтап өз алдынча баса албай калган жана тамак жей албай кыйналган. Гинеколог өзүнүн тажрыйбасында буга чейин эң чоң - 11 килограммдык шишикти алганын, 60 килограммдык шишик өтө таң калычтуу экенин айткан. Ал эми ооруган аял көп убакыттан бери ачка эле жүргөнүн айткан.

Бардык текшерүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин 25 дарыгерден турган топ 2 жуманын ичинде шишикти алып салуунун планын түзүшкөн. 5 саатка созулган операция ийгиликтүү жыйынтыкталган. Курсагындагы бардык ички органдарды кысып, кыйнап койгон шишикти алгандан кийин аял өзүн эң жакшы сезип калганы жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Rifle_I
2018-05-06 09:53:33
Баракелде.
+3
Se.312
2018-05-06 09:54:01
Фаст фуддун пайдасы
+1
States
2018-05-06 10:00:44
Se.312, жон эле бир нерсени суйлой бербечи
+7
Julien1212
2018-05-06 10:14:25
☺️
0
Zainidin96
2018-05-06 10:39:38
60кг кантип которуп журду екен тооба
+2
KRIMINAL
2018-05-06 10:55:23
АЛЛАХЫМА шүгүр сакайып кетиптир. Аял заты оорубасын
+10
Nevestkaa
2018-05-06 12:41:27
Маткага ушунчалык дагы чоң киста батат экен да э,таң калычтуу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан