Хоккей боюнча Бишкек курама командасы Орусияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы эл аралык мелдеште жеңүүчү аталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын директорунун орун басары Мейирхан Аманбеков билдирди.
Анын айтымында, Санкт-Петербург шаарында орун алган мелдеште машыктыруучу Ринат Мустафаевдин алдында 18 жаш спортчу "Алга Бишкек" командасын түзүп катышкан.
Жалпы 5 команда катышкан мелдеште Кыргыз хоккейчилер бардык атаандаштарын ири эсепте утуп, мелдештин жеңүүчүсү аталды.
Андан тышкары, "Алга Бишкек" командасынын дарбазачысы Илья Кубрин мелдештин мыкты дарбазачысы аталды.
Эске салсак, "Алга Бишкек" командасынын оюнчулары 2017-жылдын декабрь айында АКШнын Чикаго шаарында өткөн мелдештин жеңүүчүсү болгон.
Бишкек курама командасы беттешкен командалар:
"Алга Бишкек" - "Форвард" - 6:3
"Алга Бишкек" - "Красная Звезда" - 11:0
"Алга Бишкек" - "СКА Стрельна" - 7:1
"Алга Бишкек" - "СКА Серебряные стрелы" - 4:2