Бишкек шаарында Советтер Союзунун баатыры Самат Садыковдун элесине арналган кыргыз күрөшү боюнча республикалык турнир өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдеш 8-9-май күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында болуп, жети дубандын балбандары күч сынашат. Турнирди өткөрүү үчүн спорттун улуттук түрү боюнча дирекциясынан 287 миң сом бөлүнгөн.
Агенттиктен билдиргендей, иш-чаранын максаты - улуттук спортту жайылтуу жана коомчулукту спорт менен машыгууга үндөө болуп эсептелет.