Бразилияда кулап түшкөн тик учактан аман калган келин өзүнүн үлпөт тоюна барды

Үлпөт тоюна бара жаткан келин башкаруудан чыгып, кулап кеткен тик учактан аман калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, окуя Бразилиянын Сан-Паулу штатында болгон. Анда келин тойго тик учак менен келе жаткан. Бирок тик учак жерге конууга даярданып жатканда башкаруудан чыгып, кулап түшкөн. Бир нече мүнөттөрдөн кийин күйүп баштаган. Анын ичинде келинден тышкары учкуч жана 2 киши болгон. Бактыга жараша, алар тик учак күйүп кете электе чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы жана өрт өчүрүүчүлөр келген. Ал эми тик учактын ичиндегилер жеңил жаракат алгандыктан той ээлери кечени андан ары улантышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nevestkaa
2018-05-07 09:10:55
Ичээр суусу түгөнө элек экен да.
+8
Cleo-13
2018-05-07 13:07:25
Озгочо кылам деп, олуп калайын дептир да.
+2
mirlanpiter
2018-05-07 13:46:09
Озгочо болуп келиптир,эми эри темирдей катыным бар деп журот
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан