Кара-Балта шаарында 3 айлык наристени таштап кеткен эне изделүүдө
Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарында 3
айлык наристени таштап кетишкен. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы
билдирди. Жайыл РИИБине 14-июнда саат 23:00дө Кара-Балта шаарындагы көп
кабаттуу үйлөрдүн биринин жашоочусунан анын эшигинин алдына наристе ташталганы
тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, ооруканадан
баланы медициналык текшерүүдөн өткөрүшкөндө наристенин ден соолугу жакшы
экендиги билинди. Учурда баланы таап алган үй-бүлө карап жатышат. Милиция кызматкерлери
бул факт боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.