Бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путиндин президенттик кызматына киришүү аземи өтөт

Бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путиндин президенттик кызматына киришүү аземи өтөт. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Владимир Путин бүгүн 4-жолу ант берип, расмий түрдө өз ишин баштайт. Путин быйыл март айында өткөн шайлоону 77 пайыз менен жеңгени расмий жарыяланган. Бул жеңишти Владимир Путин коомдук ишенимдин көрсөткүчү деп атаган, ал эми оппозиция өкүлдөрү шайлоо жыйынтыгын жасалма деп сындашкан.

Айта кетсек, Орусиянын Москва жана бир катар башка шаарларында "Ал бизге падыша эмес" деп аталган акция өтүп, анда 1600 катышуучу кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
oshmu
2018-05-07 10:11:24
путин акылдуу киши. дуйнодогу эн чон мамлекетти 4 моонот менен башкаруу бул оной эмес. эгер путин кыргызстандын президентти болгондо КР капитализмдин туу чокусуна жетип калмак. ага онуктурууго кумтор алтын кени эле жетмек. биздикилерге окшоп акчасын шымдын чонтогуно салып артынан кастюмдун торт чонтогуно салып ашканын банктык картага салып кетпейт болчу. ал баары бир ПУТИН.
+1
nurik903
2018-05-07 10:48:33
дуйнонун журогун тушургон путиндей болуш кыйын .
бизде да бар ошондой адамдар колдобойбузда .
+2
jbolotov
2018-05-07 23:00:23
Уялбагандан озун уял дегендей экенда бул киши. Дуйнодогу жери чон кен байлыктарга эн бай болгон мамлекеттин жашоочулары банановый республикадай денгеелде жашашат. Эл толук кредитке батып калган, машина соткага чейин кредитте. Орточо айдык 25000 руб. Ондуруш толук эски, Германия согуштан кийин 20 жылда Европада ондуруштук лидер боло баштаган, Россия 20 жылда баягы эле, ошол эле жигули ошол эле камаз. Айтмакчы ВАЗ жаны чыккан машиналарын азыр Рено РCAчыгарып берет, Камазды Мерс 70% сатып алган
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан