Кытайдын Хэбэй провинциясында 118 баланы багып алган аялга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, өзүн миллионер катары санаган Ли Лицзюань аттуу аял 1996-жылдан бери кароосуз калган балдарды асырап, 2007-жылы "Сүйүү айылы" аталышындагы жеке балдар үйүн ачкан. Анын аты жалпыга маалымдоо каражаттарына тынымсыз жарыяланып тургандыктан, өлкөдө аны тааныгандардын саны бир топко жеткен.
Кийинчерээк аялдын кайрымдуулук кылууну шылтоолоп белгилүү аткаминерлерден көп суммадагы акчаларды алып жүргөнү аныкталган. Тагыраагы, ал бир компаниядан 70 миң юань жана мейманкана менен госпиталдан 300 миң юань өлчөмүндөгү каражат талап кылганда, алар бул тууралуу коомчулукка айтып чыгышкан.
Аялдын мындай жоругунан соң полиция ал ачкан балдар үйүн тинтүүгө алып, аял балдарды бийлик өкүлдөрүнөн жана мамлекеттен акча өндүрүү үчүн колдонуп жүргөнүн, ал жактагы 118 баланын айрымдарынын ата-энеси бар экендигин аныкташкан. Ошондой эле алардын ичинен 74 наристени мамлекеттик балдар үйүнүн карамагына өткөрүп, Лицзюандын балдар үйүн жабуу буйругун чыгарган.
Учурда кытайлык аял бир канча беренелер боюнча айыпталып, 20 миллион юандан ашык акчасы тоңдурулган. Андан сырткары бир канча турак жайлар менен кымбат баалуу автоунаалар анын атына катталганы аныкталган. Учурда кытайлык полиция териштирүү иштерин жүргүзүүдө.