Нарында ушу-саньда боюнча Өлкө кубогу жыйынтыкталды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-6-май күндөрү Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында спорттун ушу-саньда түрү боюнча Кыргыз Республикасынын кубогу жыйынтыкталды. Аталган мелдеш Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 73 жылдыгына арналган.
Бул спорттук иш-чарага Ош, Баткен, Чүй, Нарын, Талас облустарынан келген 150гө чукул жаш спортчу катышты. 3 күнгө созулган беттеш 27 килограмм салмак ченинен баштап 70 килограммдан жогорку салмак чендеринде 24 категорияда өттү. Жеңүүчүлөр I, II, III даражадагы диплом жана медалдар менен сыйланышты.