Каскадёр, акробат, актёр Чыңгыз Асанбек уулу 1993-жылы 8-майда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында туулган. 4 жашында атасынын кесибине байланыштуу үй-бүлөсү менен Испанияга көчкөн. Чыңгыз Асанбек уулу - программист, 6 айлык каскадёрлук мектепти аяктаган.
Ал бала кезинен футбол аянтчасынан чыкпай, футболду жакшы өздөштүргөндөн кийин жашаган жеринин командасына кошулган. Бирок экстремалдуу спорт түрүнө кызыгуусу артып, кунг-фу, каратэ, ушу сыяктуу спорт түрлөрү менен машыгып баштаган. Кийин пляжда бийиктиктен секирүү мода болуп, акробат болууга ашыккан.
Барселонада машыгууда жүргөн маалда залга акробат издеп келген кино тарткан топ анын өнөрүн жактырып, тасмага тартылып калган. Фильмде акробат зомбинин образын жараткан. Ролу эпизоддук болсо дагы үчүнчү пландагы актёр деп “Гауди” сыйлыгына ээ болгон.
Мындан сырткары “Катар аба жолдору” авиакомпаниясынын, “Sony Xperia” жана башка бир катар компаниялардын жарнамаларында Неймар, Лионель Месси сыяктуу белгилүү спортчулар менен тартылган.
8-майдын жылнаамасы.