АКШда "Анонимдүү аракечтер" бирикмесинин "Чоң китеп" аталышындагы китеби аукциондо 2,4 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, китепте аракечтиктен арылуунун 12 кадамы жазылган. Аны 25 жылдан бери жогоруда аталган бирикменин чогулуштарына калтырбай барган миллиардер Жим Ирсэй сатып алган. Анын айтымында, китепти Нью-Йорктогу "Анонимдүү аракечтер" бирикмесинин штаб-квартирасына көргөзмөгө коюуну пландоодо.
Белгилей кетсек, "Анонимдүү аракечтер" бирикмеси 1935-жылы Уильям Уилсон жана Роберт Смит тарабынан негизделген. Негизги максаты - аракечтерди спирт ичимдиктерине болгон көз карандылыктан арылтуу болуп саналат.