Бүгүн, 7-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 9-Май - Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдештин алкагында Биринчи Лигадагы беттештер орун алды.
Анда "А" тайпасында "Көк-Жал" менен "Жаш-Күч" командалары беттешсе, "Б" тайпасында "Жаш-Тилек" менен "Аафият" командаларынын беттеши орун алды.
"А" тайпасындагы беттеште "Көк-Жал" командасы 6:3 эсебинде "Жаш-Күчтү" утса, "Б" тайпасында "Аафият" командасы "Жаш-Тилек" командасына бир да мүмкүнчүлүк бербей 15:0 эсеби менен утуп алды.
Биринчи Лиганын тизмеси:
"А" тайпасы:
"Сары-Өзөн";
"Көк-Жал";
"Жаш-Күч".
"Б" тайпасы:
"Аафият";
"Жаш-Тилек";
"Толкун".
7-майда орун алган беттештердин жыйынтыгы:
"Көк-Жал" - "Жаш-Күч" - 6:3
"Жаш-Тилек" - "Аафият" - 0:15