Бүгүн Армения парламенти өкмөт башчысын шайлайт

Бүгүн Армения парламенти өлкөнүн өкмөт башчысын тандайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, премьер-министрликке оппозиция лидери Никол Пашинян кайрадан талапкер катары көрсөтүлгөн. Ал арада Пашинян жактоочуларына 8-майда кайрадан көчөгө чыгып, парламентте шайлоо башталган учурда Республикалык партияга басымды күчөтүү керектигин айткан.

Эске салсак, өткөн аптада премьерликке көрсөтүлгөн Пашинян парламенттеги көпчүлүк добушка ээ боло албагандыктан өкмөт башчылыкка шайлана алган эмес. Пашинян тарапташтарын 2-майда өлкөнүн бардык жолдорун жаап салууга чакырган.

Белгилей кетсек, апрель айынын ортолорунан тартып Арменияда массалык толкундоолор башталган. Толкуган элдин талабы 10 жыл президент болгон Серж Саргсянды жана анын "Республика" партиясын бийликтен кетирүү эле. 2-президенттик мөөнөтү аяктаган Саргсян премьерликке шайланып, бир нече күндөн кийин отставкага кеткен.

Буга байланыштуу 1-майда парламентте премьер-министрликке шайлоо болуп, оппозициядан талапкер болгон Пашинян жетиштүү добуш жыйнай алган жок. Өкмөт башчыны парламент депутаттарынын жарымынан көбү шайлашы керек (кеминде 105 депутаттын 53ү). Экинчи жолку шайлоо 8-майга коюлган. Армения мыйзамына ылайык, эгер бул ирет да премьер шайланбаса парламент тарап, кезексиз депутаттык шайлоо болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан