АКШда комада жаткан 13 жаштагы баланын органдарын донорлукка берүүгө бир күн калганда эсине келди

АКШда комада жаткан 13 жаштагы баланын органдарын донорлыкка берүүгө ата-энеси тарабынан уруксат берилгенде, бала эсине келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

АКШнын Алабама штатынын 13 жаштагы Трентон Маккинли аттуу тургуну 2 ай мурда жол кырсыгына кабылган. Тагыраагы, ал отурган жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, оор жаракаттан улам комага түшүп калган. Дарыгерлер баланын баш сөөгү 7 жеринен сынганын, ал айыгып кете албай турганын билдирген.

Баланын ата-энесине донордук компаниянын өкүлдөрү келип, Трентон Маккинлинин органдары донорлукка берилсе, ал 5 адамдын өмүрүн сактап каларын айтышкан. 2 айдан бери комада жаткан баласын "эми эсине келмек беле?" деген ата-эне макулдугун берген. Бирок донор болчу адамдын органдарын атайын процедуралардан өткөрүүгө бир күн калганда Трентон Маккинли эсине келген. Учурда анын баш сөөгүнө операция жасалуу күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nevestkaa
2018-05-08 09:50:56
Кудайдын кудуретин кара!
+30
Paprikafm
2018-05-08 10:04:57
Жаш баланын журогу сезгенго
+16
nurhan2702
2018-05-08 13:01:28
Жакшы болуп кетсин. Ата - энеси аябай суйунуп аткандыр
+3
Hacker99
2018-05-08 17:18:30
nurhan2702,албетте суйунот да кайсы ата-эне баласынын олумун каалайт? Ата-эне эч качан баласына жаманды каалабайт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан