Израилге иш сапары менен келген Япониянын премьер-министри Синдзо Абэге Израиль өкмөтү шылдыңдагандай мамиле жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышып, анын себебин Абэге бут кийимге салынган тамак берилгени менен байланыштырышууда.
Маалыматта жазылгандай, мындай "өзгөчөлүү" идиштеги тамакты Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяхунун ашпозчусу расмий жолугушуудан кийинки тамактанууда берген.
"Бул акылсыз жана өтө одоно чечим болуптур. Япондордун маданиятында бут кийимге салыштыргандан төмөн эч нерсе жок. Бул деген еврейлерге шоколад таттууларын чочконун формасындагы идишке салып бергенге тете", - деп "The Jerusalem Post" гезити жазганын орусиялык басылмалар жарыялады.
Ал эми Япониянын аталган өлкөдөгү өкүлчүлүгүнүн дипломаты башкы ашпозчу Моше Сегеванын бул жоругун Синдзо Абэни шылдыңдоо деп сыпаттай турганын айткан.
"Эгер бул тамаша болсо, анда мен андан күлө турган эч нерсе таба албайм" деген дипломат.
Ал эми сынга кабылган башкы ашпозчу бул атайын япон премьер-министри үчүн даярдалган бут кийимдин формасындагы идиш болгонун айткан.
"Ал бут кийим эмес, идиш. Ал металлдан, Том Диксон аттуу айкелчинин колунан жасалып, биринчи жолу пайдаланылган. Ошол учурда ага десерт салынып конокторго берилген", - деген Сегева.