Көк бөрү: "Сары-Өзөн" командасы ири эсепте "Жаш-Күч" командасын утуп, Биринчи Лиганын финалына өттү

Бүгүн, 8-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 9-Май - Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдештин Биринчи Лигасында финалга аттанган алгачкы команда белгилүү болду.

Биринчи Лиганын "А" тайпасында "Сары-Өзөн" менен "Жаш-Күч" командалары кез келген. Беттештин жүрүшүндө "Сары-Өзөн" командасынын оюнчулары атаандашынын тай казанына 12 улак таштап, "Жаш-Күч" командасына улак таштоого мүмкүнчүлүк берген жок.

Муну менен "Сары-Өзөн" командасы Биринчи Лиганын финалына өтүп, анын атаандашы "Б" тайпасындагы "Аафият" менен "Толкун" командаларынын беттешинин жеңүүчүсү менен беттешмекчи.

Биринчи Лиганын тизмеси:

"А" тайпасы:

"Сары-Өзөн";

"Көк-Жал";

"Жаш-Күч".

"Б" тайпасы:

"Аафият";

"Жаш-Тилек";

"Толкун".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aza84
2018-05-08 12:40:02
Барибир Ынтымак чемпиондугун бербейт
-1
shankol88
2018-05-09 15:14:37
Достук жеңет дедикелегоо жеңди
Достук ураа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан