Бүгүн, 8-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 9-Май - Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдештин Биринчи Лигасынын финалында "Сары-Өзөн" командасы менен "Толкун" командасы ойнойт.
Биринчи Лиганын "Б" тайпасындагы 3-айлампада "Толкун" менен "Аафият" командалары кез келди. Кызуу беттештин жыйынтыгында "Толкундун" улакчылары 3:2 эсеби менен "Аафиятты" утуп, эми финалда ойнойт. Биринчи Лиганын финалында "Толкун" командасы "Сары-Өзөн" менен беттешет.
Эске салсак, "Сары-Өзөн" бүгүн "Жаш-Күч" командасын 12:0 эсебинде утуп, финалга аттанган. Финалдык беттеш эртең, 9-майда орун алат.
Айта кетсек, Жогорку Лиганын финалында "Достук" менен "Ынтымак" командалары күч сынашат.
Биринчи Лиганын тизмеси:
"А" тайпасы:
"Сары-Өзөн";
"Көк-Жал";
"Жаш-Күч".
"Б" тайпасы:
"Аафият";
"Жаш-Тилек";
"Толкун".