Бишкек шаарынын Асанбай кичи районундагы чакан базардын ичиндеги бир күркө 20-июнь күнү кечинде өрттөнгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Г.Сулаймонвага таандык болгон күркөнүн ичиндеги бардык азык-түлүктөр жана 2 муздаткыч күйүп кеткен. Азыркы тапта өрттүн себептери изилденип жатат.