Ысык-Көл. Камактан чыккан депутат Садыр Жапаров Ысык-Көл элинин батасын алды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын борбордук аянтында саат 12:30да  “Ата Журт” фракциясынын депутаты Садыр Жапаров жергиликтүү тургундардын башын бириктирип, атайын жыйын уюштурду. Жыйынга  "Чындык" саясий партиясынын лидери Кубанычбек Кадыров дагы катышып, "Кумтөр" маселеси тууралуу элге  маалымат берип, ишкана жергиликтүү тургундардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатканын айтып өттү. Депутат Садыр Жапаров өз сөзүндө: "Кумтөр" ишканасынын  көйгөйүн чечүү жалгыз менин колумдан келбейт.Ошондуктан жалпыбыз жаркын жашоого аракет кылуубуз зарыл"-деп белгиледи. Андан соң Садыр Жапаров  иш-чаранын  катышуучуларынын суроолоруна жооп берди. Облус аксакалдары Бишкек шаардык соту тарабынан бардык беренелер боюнча акталып, камактан бошотулган “Ата Журт” фракциясынын депутаты Садыр Жапаровду куттукташып, ага бата беришип, ак калпак, чепкен кийгизишип, камчы жана гүлдестелерди белекке беришти. Иш-чаранын экинчи бөлүгү шаардагы белгилүү кафелердин биринде чай үстүндө уланары маалым болду. Депутат менен бирге келген жыйындын уюштуруучуларынын айтымында, кафеде мал союлуп, Садыр Жапаровго түлөө өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан