Бүгүн, 9-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдештин Биринчи Лигасынын жеңүүчүсү "Сары-Өзөн" командасы болду.
Биринчи Лиганын мыкты командалары күч сынашкан беттештин жүрүшүндө "Сары-Өзөн" командасы атаандашынын тай казанына 7 улак таштаса, "Толкун" командасы 2 улак таштаганга үлгүрдү.
Муну менен "Сары-Өзөн" командасы 7:2 эсебинде жеңүүчү аталып, 200 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Ал эми 2-орунду ээлеген "Толкун" командасы 100 миң сом жеңди.
Эске салсак, Биринчи Лигада жалпы 6 команда катышкан. Алар 2 тайпага бөлүнүп айлампа түрүндө беттештерди өткөрдү. 3 күндүк беттештердин жыйынтыгында финалга "Толкун" менен "Сары-Өзөн" командалары аттанган.
"Сары-Өзөн" командасы "А" тайпасында "Көк-Жал" командасын 4:2 эсебинде жана "Жаш-Күч" командасын 12:0 эсебинде утуп алган.
"Толкун" командасы "Б" тайпасында "Жаш-Тилек" командасын 8:4 эсебинде жана "Аафият" командасын 3:2 эсебинде жеңген.
Айта кетсек, бүгүн Жогорку Лиганын финалдык беттеши орун алат. Анда "Достук" менен "Ынтымак" командалары күч сынашмакчы. Ал эми бул лигада 3-орунду "Биримдик" командасы утуп алса, 4-орунда "Четинди" командасы жайгашты.
Жогорку Лиганын финалдык беттеши саат 13:00дө орун алмакчы.