Дмитрий Медведев Орусиянын өкмөт башчылыгына кайра келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Медведевдин талапкерлигин Мамлекеттик Думанын 379 депутаты колдоп берсе, 56 депутат каршы болду. Мамлекеттик Думадагы 4 фракциянын ичинен "Адилет Орусия" жана Коммунисттер фракциясы Медведевдин кайра келишине каршы болушту.
Медведев 2012-жылдан бери өкмөт башчылыкта иштеп келе жатат, ага чейин 2008-2012-жылдары Орусиянын президенти болгон, ал учурда өкмөттү Владимир Путин жетектеп турган.
Эске салсак, 7-май күнү Владимир Путин өкмөт башчы кызматына Дмитрий Медведевдин талапкерлигин кароону Мамлекеттик Думага сунуштаган.