Бельгиянын аэропортунан өрт өчүрүүчүлөр 20 миң жөжөнү жаратылыш газы менен ууландырышты. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыкты.
Маалым болгондой, Бельгиянын борбору Брюсселдеги аэропорттон темир контейнерге салынган жөжөлөр Конго Демократиялык Республикасына аба майдан аркылуу жөнөтүлмөк. Бирок жүк ташуучу учак техникалык мүчүлүштүктөн улам каттамын жылдырган.
Ал эми темир контейнерде суусуз, жемсиз калган жөжөлөр ачкалыктан, абанын жетишсиздигинен улам өлүп баштаган. Экспортко жөнөтүп жаткан киши жөжөлөрдү артка алып кетүүдөн баш тартып койгон. Мындан улам аэропорттун кызматкерлери тумчугуп бараткан жөжөлөрдү жок кылуу үчүн өрт өчүрүүчүлөрдү чакырган. Өрт өчүрүүчүлөр жөжөлөрдү жаратылыш газы менен ууландырган.