"Forbes" журналы дүйнөнүн таасирдүү адамдарын аныктады. Бул ирет 1-орунда Кытай Эл Республикасынын башчысы Си Цзиньпин

Кытай Эл Республикасынын башчысы Си Цзиньпин "Forbes" журналынын тандоосу боюнча эң таасирдүү инсандардын сап башынан орун алды. Бул тууралуу аталган журналдын расмий сайты жарыялады.

Маалым болгондой, буга чейин рейтингден биринчиликти бербей келген Владимир Путин бул ирет экинчи саптан орун алган. Ал эми АКШнын президенти Дональд Трамп канча деген сын-пикирлерге кабылып келгенине карабай 3-орунду ээлеген. Ал эми 4-орунду Германиянын канцлери Ангела Меркел ээлесе, 5-сапта дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарын толуктаган Жефф Безос жайгашкан.

Ошондой эле алдыңкы орундарга илингендердин арасында "Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс, Сауд Арабиянын ханзаадасы Мухаммед ибн Салман, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, "Google" компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Ларри Пейж жана башкалар орун алган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Hernandez
2018-05-09 22:14:57
Кыргызстандан да барбы? Канчанчы орунда?
-1
Mars575
2018-05-10 11:17:03
АШАны киргизиш керек эле келесоо президент болгон деп.
+3
jbolotov
2018-05-10 13:35:53
Mars575,бул жерде эн таасирлуу адамдар деген тизме экенда, эгерде эн ХХХХХХХХХХ деген тизме болсо биздин президент утуп кетмекго
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан