SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Оңбогон согуш" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Жакшынын баркын билиш үчүн жаманды жаратабы, күлкүнүн баркын билиш үчүн кайгы-муңду, ыйды жаратабы же тынчтыктын баркын билиш үчүн согушту жаратабы? Айтор, илгертеден кара менен ак эриш-аркак жарышып-жанашып жашап келет... Бирок кандай гана карама-каршы салыштыруулар болбосун, мен дагы эки аягы айры, башы жумуру пенде катары бардыгын баш ийкеп, макул болуп кабыл алат элем. Бир гана тынчтыктын баркын билиш үчүн согушту жараткан деген салыштырууга макул болбос элем... Мен согушту советтик идеологиянын оңдоп-түзөп чыгарган даректүү көркөм тасмаларынан, китептеринен гана окуп, көрүп билбестен, согушту өңү кандай болсо ошондой, жасап-түзөбөй чоң атамдын агасынын айтып бергендеринен улам да жакшы билем. Тынчтыктын жакшы экенин түбүнө түшүрө түшүнбөсөм да, согуштун жаман экенин билем. Анда оңбогон согуш жөнүндө уккан-билгендерден кеп козгойлу", - деген билдирүүсүн калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Анда 3-класста окуйт элем. Эжейибиз Жеңиш күнүнө карата айылдан 2 ардагер аксакалды чакырды. Бир аксакалдын айткандары дале эсимде. "Жаңы эле фронтко бардым, немистерге болгон биринчи жолку чабуулум эле. Машинада баратканбыз, бир убакта алдыбыздан фашисттер чыгып, а дегиче бомба таштап, жанымдагы жоокердин бутун алып кетти" дегени эсимде калган".
"Таштанды төгүү үчүн сыртка чыксам, орус кемпир ыйлап, жерде чачылып жаткан нандарды терип жүрөт. Ал ыйласа, чыдап тура албайсың. "Согуш кезинде нандын күкүмүнө зар болуп, бир кесим нанды бөлүшүп жечүбүз. Бул кылгандары жакшыбы, азыркы жаштарды да согуш болгон жакка жөнөтүш керек, болбосо жеп жаткан нанын барктабай жатышат. Кудайдан корккула..." деп ыйлаганы эске түшүп кетти".
"Бул согушка менин таятам жана эки иниси барып, таятамдан башкасы дайынсыз жоголгон экен. Жоголушпаса азыр таякелерим көп болмок".
"Мен кичинекей чагымда кошунабыз таятама келип: "Ээ, Чеке, клубга "Өлүктөр жана тирүүлөр" деген кино келиптир. Өлгөндөрүн да, тирүү калганын да көрсөтөт экен" деген. Ошентип кечинде клубга келгенбиз, адам аябай көп болгон, калганы эсимде жок. Кичине болсом да ошолордун айтып бүтпөс арманына түшүнгөм. Таятамдын өмүрү согуштан кайтпай калган баласын күтүү менен өттү. Бечара апам дайынсыз жоголгон атамды Америкада бекен, кайсы мамлекетте жүрөт болду экен? Аман бекен деп күтүп жүрдү".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.