ЖЫЛНААМА, 10-МАЙ: "Басып жүргөн өлүктөр" тасмасы аркылуу атактуу болгон америкалык актёр Даллас Робертс 48 жашка толду

Бүгүн "Басып жүргөн өлүктөр" ("Ходячие мертвецы"), "Мыйзам жана тартип" ("Закон и порядок") тасмаларындагы ролу менен таанылган америкалык актёр Даллас Робертс 48 жашка толду.

Ал 1970-жылы 10-майда АКШнын Техас штатындагы Хьюстон шаарында төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин Флорида штатына келип, жогорку мектептен билим алган. 1990-жылы Нью-Йоркко көчүп келип Жульярд атындагы искусство жана музыкалык окуу жайынын драма бөлүмүнө тапшырат.

Окуусун аяктаган соң театрда иштеп, ар кандай спектаклдерде образ жаратат. Андан көп узабай эле "Мыйзам жана тартип" тасмасына тартылып, актёрдук тушоосу кесилет. Ал эми 2004-жылы "Аалам четиндеги үй" ("Дом на краю света") тасмасында башкы каармандын ролун жараткан.

2012-жылы "Басып жүргөн өлүктөр" тасмасынын 3-сезонуна жана "Эшик" ("Дверь") тасмасына тартылган.

Учурда Даллас Робертс - Нью-Йорк университетинин профессору. Кристин Жонс аттуу дизайнер айымга үйлөнгөн. Алардын Пайлот жана Эвер деген уулдары бар. Актёр үй-бүлөсү тууралуу маалыматтарды сыр тутуп, коомчулукка жарыялай бербейт.

10-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан