"Владимир Путин Жеңиш майрамына карата уюштурулган иш-чарада жан сакчысы түртүп салган ардагерге кам көрдү", - деп бүгүн, 9-майда бир нече орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Айрым орусиялык маалымат каражаттары: "Путин Кызыл аянттан Александр багына бара жатканда ал менен бирге басып бараткан ардагерди жан сакчысы түртүп салды. Муну байкап калган Путин ардагерге көңүл буруп, Александр багына өзү менен бирге ала кетти", - деп жазып чыгышты.
Бирок интернетке тараган видеодон окуя башкача орун алганын байкоого болот. Путин Кызыл аянттан жан сакчылары менен чыгып кетип жатканда аны видеого тартып жаткан оператор артты көздөй басып баратып ардагерди сүзүп ала жаздаган. Муну байкаган бир киши (жан сакчы деп айтуу кыйын) оператордун ардагерди сүзүп алуусун алдын алып, жолдун четине чыгарууга аракет жасаган. Бул жерде ардагерди Путинден алыстатуу максаты болбогонун көрүүгө болот.