Малайзиянын 60 жылдык тарыхында оппозиция 1-жолу жеңишке жетишти

Бүгүн, 9-майда Малайзияда парламенттик шайлоо өтүп, өлкөнүн 60 жылдык эгемендик тарыхында биринчи жолу оппозиция жеңишке жетти. Бул тууралуу оппозиция лидери Махатхир Мохамад жарыялады, бирок расмий бийлик жыйынтык чыгарууну кечеңдетип, көчөгө чогулган элди кыжырлантууда.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, "Пакатан Харапан" оппозициялык блок "Барисан Национал" башкаруучу блоктон алдыда келе жатат.

Айта кетсек, оппозициянын лидери - мурда бийликте 22 жыл туруп Малайзияны гүлдөткөн 93 жаштагы Махатхир Мохамад. Ал 3 жыл мурда бийлик партиясына нааразычылык билдирип, андан чыгып кеткен. Кийин өзүнчө партия түзүп, оппозиция менен биригип бир блок менен шайлоого чыккан. Парламенттик көпчүлүк түзүш үчүн 112 орунду алуу керек.

Оппозиция утса учурдагы премьер Нажиб Разак камалышы мүмкүн. Анткени оппозиция аны казынадан миллиондогон доллар уурдаган, коррупцияга малынган деп айыптап келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KAYRATBEK
2018-05-10 00:43:41
Малай мусулман бир туугандарга тынчтык каалайм.
+3
Pipik
2018-05-10 09:27:54
Саламатсыздарбы super.kg сураныч орозо жонундо да маалымат бересиздерби качан башталат убактылары жонундо да алдын ала рахмат
+1
admin_superstan
2018-05-10 09:37:41
Pipik,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
+2
admin_superstan
2018-05-10 11:46:13
iryi1, портал кыргыз тилдүү болгондуктан, кыргызча жазууну сунуштайбыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан