Португалиялык футболчу, "Реал" клубунун чабуулчусу, "Алтын топтун" 5 жолку ээси Криштиану Роналду "Чабуулчунун күчү 7" ("Striker Force 7") мультфильминин каарманы болот. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыкты.
Маалым болгондой, анимациялык фильмдин жаратуучулары Криштиану Роналду жана сүрөтчү, сценарист, продюсер Шарад Деваражан болгон. Аталган мультфильмдеги супер каармандын образы футбол жылдызына буюрган.
Криштиану Роналду: "Футбол адамдарды бөлүп, жарбайт. Тескерисинче, маданияты башка болсо да бириктирет. Менимче, анимациялык каармандар дагы ушундай мүнөзгө ээ", - деп айткан.
Ошондой эле аталган анимациялык фильмдеги башкы каарман компьютердик оюндарда да колдонулары айтылууда. Азырынча мультфильмдин экранга качан чыгары белгисиз.