АКШ Орусияга каршы дагы санкцияларды киргизгени жатат

АКШ Орусиянын бир катар күч түзүмдөрүнө каршы санкцияларды киргизгени жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Документке ылайык, санкциялык тизмеге орусиялык 28 компания жана уюмдар киргизилет. Алардын арасында – Орусиянын Башкы штабынын башкармалыгы бар.

Мындан тышкары тизмеге Ирандын, Түндүк Кореянын, Египеттин, Түркиянын, Сириянын жана Бириккен Араб Эмираттарынын уюмдары менен жарандары дагы киргизилген. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын жаңы санкцияларын "14-апрелде Сирияга карата жасалган ракеталык чабуулдардын оңунан чыкпай калгандыгы үчүн эсептешүү аракети деп түшүнсө болот" деп билдирди.

Буга чейин Иранга, Түндүк Кореяга жана Сирияга курал жеткирбөө боюнча америкалык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн Вашингтон Орусиянын "Рособоронэкспорт" ишканасына каршы санкция киргизгени белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
umar.kgz
2018-05-10 10:15:57
АКШ жок болот экен да акыры
-3
Asylbek2802
2018-05-10 10:20:13
АКШ ушундай жол менен Россиянын экономикасын сындыра турган болду да, кесепети бизге тийбесе экен
+4
tular
2018-05-10 11:41:40
Asylbek2802, Бирок ушул санкциядан бизге да пайдасы бар, анткени Россия сыртка чыгара албаган товарларын бизге арзан баада сатат. Ошондой эле биз менен мамиле жакшыртканга кызыкдар болушат орустар...
+5
bond02
2018-05-10 10:23:37
Трамп актер бойдон эле калбаптыр да, президентикке келбей эле.
-1
sirgak_92
2018-05-10 10:24:23
Бизге кесепети чоң анткени рубльдын курсу даагы тушот
+11
Omurbek998
2018-05-10 11:39:58
Рубль дагы канча тушот
+1
jbolotov
2018-05-10 13:06:29
Казга тенелип карганын буту сыныптыр дегендей Россия жон эле журбодуда.
+3
AKCAHAT
2018-05-10 13:11:06
Бул баягы жакында СНГ мн Россиядан долларды суруп чыгарышат бир гана рубль жугуртулот дегендерге жооп да))) Дуйнолук сооданын 80% АКШ жургузот, дуйнолук банктар, биржа, нефти, кен байлыктар доллар гана мн иштейт анан кантип долларды иштетпей койушат)))
0
asha302
2018-05-11 00:17:24
Путин көшөрүп не кылат дейм да Сирияны жайына кой да болду АКШнын санкцияларынан биротоло кутулат Россия(Россияны ойлошу керек Сирияны эмес). Армиясы Американыкы менен бирдей болгон менен башка жагынан дээрлик артта калган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан