Нарын. Облуста “Теңир-Тоо” инвестициялык форуму болууда

Бүгүн, 21-июнда Нарын облусунун экономикалык жана туристтик жактан өнүгүшүнө өбөлгө түзө турган “Теңир-Тоо” аталышындагы инвестиция форуму өтүп жатат. Форумга экономика министри Темир Сариев, Кыргызстандагы башка мамлекеттердин элчиликтеринен келген өкүлдөр, инвесторлор жана бизнесмендер катышууда. Аталган форум Нарын облусунда 2 жылдан бери июнь айынын  үчүнчу жумасында өткөрүлүп келет. Форумдун жүрүшүндө негизги 3 маселе талкууланып жатат. Алар келген инвесторлорго Нарын жергеси тууралуу маалымат берүү  жана алардын кызыгуусун арттыруу, айыл чарба тармагында кайсы тарапты өнүктүрүү керек экендигин аныктоо жана келген туристтерди кандай ыңгайлуу, кооз жайлар менен кызыктыруу керек экендигин талкуулоо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан