Кечээ, 20-июнда Бишкекте шаардык ИИБинин Мыйзамсыз кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы аракет боюнча башкармалыгы тарабынан жашыруун иш алып барган казино ачыкталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Казино шаардагы “Сүйүү” сейил багынын аймагындагы 2 кабаттуу кафеден орун алган. Аталган оюн-зоок жай ачыкталып жатканда администратор менен катар тейлөөчү кызматкерлер жана 20дай оюнчулар бар болгон. Ыкчам чара көрүү аракеттеринин жүрүшүндө казинонун кассасынан 2000 доллар 82 640 сом алынган. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, 24 жаштагы Рустам А. аттуу казинонун администратору Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.