АКШда медайым бейтаптарга гепатит оорусун атайын жуктуруп жүргөн деп кармалды

АКШнын Вашингтон шаарында медайым бейтаптарга С гепатитин атайлап жуктурган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматта жазылгандай, 31 жаштагы Кора Воберг Канада менен АКШнын чек арасынан жигити менен эс алууга бараткан жеринен кармалган.

Пуйаллап шаардык полициясынын билидирүүсүнө таянып чет элдик басылмалар жазгандай, кармалган аял шаардагы ооруканалардын биринде медайым болуп эмгектенген. Ал ооруканадан инъекциялык препараттарды уурдап, ал менен атайын бейтаптарга оору жуктурган деп шектелүүдө. Бул боюнча эки адамдын арызы бар деп айтылат полициянын билдирүүсүндө.

"Аталган оорукананын жана Саламаттыкты сактоо департаментинин кызматкерлеринин жүргүзгөн иликтөөсүнө ылайык, медайым көп сандагы препараттарды уурдап, аны башка максаттар үчүн пайдаланып жүргөнү маалым болгон. Оорукананын айрым кызматкерлеринин айтымында, Воберг өзү да гепатит менен ооруган, алгачкы жолу өзүнүн бул илдетке кабылганын билгенде өтө таң калган. Андыктан оорукананын жетекчилиги ооруну Кора жуктурган деген ишенимде. Бирок Вобергдин адвокаты Брайан Хершман кармалган медайымды жок жерден күнөөлөп жатышканын, жетекчилик моюнуна илинген жоопкерчиликтен ушундай жол менен кутулуу амалын жасап жатканын айткан", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Baatirbek81
2018-05-10 19:18:45
Шайтан аялго
+1
nazi25
2018-05-10 19:24:54
Буларда бетин жаппайт экен го
+7
Feiza1982
2018-05-10 19:47:20
Ошода атын фамилиясына чейин туура так даана жашына чейин жазылып турат.
Анан биздикилер тим эле көзүн жаап бетин көрсөтпөй атын жашырып А.С менен Б.Н деп,кылмышкерлерге дагы жакшы мүнкүнчүлүктөр түзүлүп жатпайбы ?
+4
Nevestkaa
2018-05-10 20:00:45
Өзү да гепатит болсо эмнеге иштеп жүрдү,сан.книжка деген болот го.
+3
karakulja
2018-05-10 22:10:00
Бизде да бул оору ото ылдам орчуп жатат. Алдына ала турган чара коруу зарыл
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан