10-майда борбордогу тойканалардын биринде ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын заманбап үлпөт тою өттү. Ага түгөйлөрдүн ата-энелери, бир туугандары, жакындары жана жоро-жолдоштору катышты.
Эки жашты эл алдына ырчы Гүлзат Байзакова жар-жар ыры менен алып кирди. Андан соң жубайлар мыйзамдуу түрдө никеге туруп, нике күбөлүгүн алышты. Тойдо тамадалык тизгинди колго алган Эркин Рыскулбеков түгөйлөрдүн өкүл атасы Урмат Усенов менен өкүл апасы Неляны чакырып, алар жаштарга бриллиант көздүү нике шакек тартуу кылышты.
Үлпөт той тууралуу кенен видеорепортажды жакында SUPER.TV`дан көрө аласыздар.