Казакстандын бир катар шаарларында бийликке каршы митингдер өтүп, элүүдөн ашык адам кармалды

Кечээ, 10-майда Казакстандын бир катар шаарларында оппозиционер Мухтар Аблязовдун тарапташтары каршылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, митингге чыккандар бийликтен саясий куугунтук менен камалгандарды чыгарууну талап кылышкан. Алматы шаарынын борбордук бөлүгүнө жүздөн ашык адам топтолгон. Ушундай өңүттөгү митингдер Астана, Ак-Төбө, Шымкент шаарларында да өтүп, акциянын катышуучулары "Саясий куугунтуктоо менен камалгандарга эркиндик", "Уят" деген жазуусу бар плакаттар менен жүрүшкөн. Кийин акциянын катышуучуларын полиция кармай баштаган. Кармалгандардын саны 50дөн ашкандыгы жазылат маалыматта.

Катышуучулардын билдирүүлөрүнө таянып жазылган маалыматка ылайык, акция Европа парламентинин расмий миссиясы Казакстанга келишине карата уюштурулган. 25-апрелде Европа Биримдигинин парламенттик ассамблеясы Казакстан бийлигин эл аралык милдеттерин анын ичинен сөз эркиндигине, тынч митингдерди өткөрүүгө жол берүүгө, социалдык медиага чектөө коюуга чакырган.

Мухтар Аблязов - мурдагы банк кызматкери, Энергетика, индустрия жана соода министрлигинин мурунку министри, Казакстанга ийгиликтүү бизнесмен катары таанымал. Өзүнүн саясий ишмердүүлүгүндө социалдык тармактарды активдүү пайдаланат. Буга чейин тарапташтарын 10-майда митингге чыгууга социалдык тармак аркылуу да чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Krai
2018-05-11 08:21:12
Башталыптыр да коншуларда да
+7
bek_tash
2018-05-11 08:29:17
Шугур деп 4 ко 1 ди кошуп жашай бербейсинерби кысталактар
-8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан