10-майда Өзбекстандын Ташкент шаарында өспүрүмдөр арасындагы күрөш боюнча Азия чемпиондугу старт алды. Анда мелдештин алгачкы күнү Кыргыз балбаны Эмирбек Садыров коло медалдын ээси болду.
60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Кыргыз балбаны алгачкы беттешинде кореялык балбанды утуп, жарым финалда өзбекстандык Асылбек Нематовго жеңилип калган. Коло медаль үчүн күрөштө Эмирбек Садыров кытайлык Шень Цзя менен беттешип, анын жеңип алган. Муну менен Кыргыз балбаны коло медалды тагынып, Кыргыз курамасынын капчыгына 2-медалды алып келди.
Эске салсак, 45 килограммга чейинки салмак ченинде Акыйкат Кулжигит уулу финалдык беттеште ирандык Мухаммедреза Дебозоргиден жеңилип күмүш медалды тагынган. Ал эми коло медаль үчүн күрөштө Бекболсун Тургумбеков жана Аркыт Орозбековдор жеңилип калышкан.