АКШдагы эң улгайган кемпир көз жумду. Бул тууралуу маалыматты Пенсильвания штатынын губернатору Том Волф өзүнүн Твиттердеги баракчасына жарыялады.
"АКШда эң улгайган айым катары эсептелген 115 жаштагы Делфин Гибсон көз жумганы тууралуу маалыматты угуп кайгырдым. Ал 1903-жылы жарык дүйнөгө келип Пенсильванияда 90 жылдан ашык убакыт жашаган", - деп жазган Волф.
Делфин Гибсон 2004-жылдан тартып Хантингдон шаарында жайгашкан улгайган адамдарга кам көрүү борборунда жашаган. Гибсон көз жумган соң АКШдагы эң улгайган айым наамы 113 жаштагы Лесси Браунга өттү.